Алмазбек Атамбаев майрамдык намазга жыгылды

Жазылуу
Мамлекет башчы Орозо айтка байланыштуу майрамдык айт намазга катышты.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-июнда Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде майрамдык айт намазга катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Мамлекет башчысы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине дагы барып, 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жаркын элестерин эскерди", — деп билдирүүдө айтылат.

Президент кыргызстандыктарды орозо айт майрамы менен кечээ куттуктап, элге бакыт-таалай каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0