Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 25…30 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 28…33 градус, Ысык-Көл менен Нарында 21…23 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Күн 33 градуска чейин  ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0