БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Атактуу хирург Эрнст Акрамовдун 81 жылдыгы менен куттуктаган Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, аны кесипке берилгендигин баса белгиледи. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Елена Баялинова билдирди.
Учурда Акрамов Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүн жетектейт.
81 жаштагы дарыгер туулган күнүн адаттагыдай эле иш үстүндө тосту.
"Сиздин кесипке берилгендиңиз өзгөчө баса белгилеп айта турган сапатыңыз. Биз суктанган сапаттарыңызды оору да, башка себептер да жок кыла албайт", — деди министр дарыгерге.
Куттуктоого Чүй облустук ооруканасынын жалпы жамааты күбө болду.
"Министрдин капыстан келип куттуктагандыгына дарыгер үчүн күтүлбөгөн жагымдуу жаңылык болгондуктан жашып кетти", — деп айтылат маалыматта.
Эрнст Акрамов өлкөнүн Эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор, СССРдин Эл депутаты жана Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты.