Меккеде жан кечти өзүн-өзү жардырды

© REUTERS / HANDOUTСауд Аравиянын полициясы Мекке шаарындагы Аль-Харам мечитинде жардырууну алдын алды
Сауд Аравиянын полициясы Мекке шаарындагы Аль-Харам мечитинде жардырууну алдын алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардыруудан 11 адам жаракат алган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Сауд Аравиянын полициясы Мекке шаарындагы Аль-Харам мечитинде жардырууну алдын алды. Бул тууралуу BBC жазып чыкты.

Маалыматта полиция кызматкерлери жан кечти жайгашкан имаратты курчоого алган учурда ал өзүн-өзү жардырып жиберген.

"Жардыруудан имарат урап, 11 адам жаракат алган. Алардын катарында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да бар", — деп жазылат кабарда.

SPA маалымат агенттигинин кабарлашынча, террорчуну полиция курчоого алып, атышуу болгон.

Эске сала кетсек, Аль-Харам мечитинин ичинде улуу Кааба бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0