БИШКЕК, 24-июн. – Sputnik. Кулаган дарактардын айынан жаракат алган сегиз адам 23-июнь күнү ооруканага кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.
Тез жардам кызматынын үч бригадасы дарак кулаган аймактарга жөнөп кеткен.
Баялинованын айтымында, күндүз Тез жардам кызматына беш ирет чакыруу келип түшкөн. 2005-жылкы өспүрүм оор жаракат алып, №3 балдар клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Мындан башка дагы үч адам ооруканага түшкөн.
“Зеленстрой” ишканасы Бишкекте катталган катуу шамалдан улам 52 дарак кулаганын маалымдады. Ошондой эле жети унаага жана элетр өткөргүч линияларына зыян келтирген.