БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Сычуань провинциясындагы адам өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу Кытай элине жана алардын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетүүсүн тилейм", — деген Атамбаев.
Эскерте кетсек, Кытайдын Сычуань провинциясында Маосянь аймагында жер көчкү 100 кишини басып калган.