БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтө турган айт намазга катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Рамазан айынын аякташына карата боло турган айт намаз 25-июнь күнү саат 7.30да эски аянтта өтөт.
Программа:
- 6.30 — муфтияттын өкүлдөрү хадистерди айтып берет;
- 7.00 — Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин куттуктоосу;
- 7.20 – 7.30 — бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоосу;
- 7.30 — айт намаздын башталышы.