БИШКЕК, 23-июн. – Sputnik. Москвадагы кафелердин биринде бычакталган аял кыргыз экени аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, окуя 22-июнь күнү Москвадагы кафелердин биринде катталган.
“31 жаштагы аял мекендешинин колунан ажал тапкан. Шектүү катары Сузак районунун 31 жаштагы тургуну кармалды”, — деп айтылат маалыматта.
Элчилик маркумдун туугандары менен байланышка чыккан. Натыйжада анын сөөгү мекенине 24-июнда жөнөтүлмөй болду.
Бул окуя боюнча РИА Новости маалымат агенттиги аялга тогуз жолу бычак сайылганын шаардык Тергөө комитетинин жетекчиси Юлия Ивановага шилтеме берүү менен жазып чыкты.
“Алдын ала маалыматтар боюнча кармалган киши аялдын колун сураган. Бирок ал макулдугун берген эмес. Мындан улам ал аны өлтүрүүнү чечкен. Экөө социалдык тармактардан таанышкан экен”, — деп Иванова билдирген.
Учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.