БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Атактуу ырчы Виктор Цойдун 55 жылдыгына карата анын күйөрмандары бир дубль менен клип тарткандыгын Sputnik Молдова жазды.
Аталган ырга жасалган жаңы клипке музыканттар, актерлор, студенттер жана көчөдөн ары-бери өткөндөр да тартылган. Кызыгы, бул клип бир дубль менен тасмага түшүрүлгөн.
Авторлор роликтен рокердин турмушундагы чыгармалардын эпизоддорун тааныса болорун айтышкан.
"Кино" тобунун ырлары ырчынын өлүмүнөн 27 жыл өтсө да эл арасында кеңири тараган бойдон калды. Учурда анын талантын жактыргандар, күйөрмандары ырларын кайрадан чыгарып, таратып, унутпай алып жүрүшөт.