БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында дүкөндөгү өрт электр зымдарынан улам чыккан. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, буга чейин окуянын күбөсү калаанын чет жакасындагы айылдардын бириндеги дүкөндө өрт чыгып жатканын айтып видеосун жөнөткөн.
Маалым болгондой тилсиз жоонун кесепетинен дүкөндөгү 10 муздаткыч, бир телевизор, бир кондиционер жана дүкөндүн чатыры күйгөн.
"Кырсыкт жалпы жонунан 150 чарчы метрлик аянтты камтып, жабыркагандар катталган эмес", — деп жазылат маалыматта.
Өрт түшкү саат 12:05те толугу менен өчүрүлгөн.