БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Таш-Көмүр шаардык хатибияттын кароосунда турган жетим балдардын турак жайын кайрымдуулуктан чогулган каражатка оңдоп беришти. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Балдардын атасы мындан беш жыл мурун каза болуп, апасы таштап кеткен
© Фото / пресс-служба ДУМК
Билдирмеге ылайык, шаардык хатибияттын демилгеси менен ата-энесиз калган беш бир туугандын эскилиги жетип урап калуу алдында турган төрт бөлмөлүү үйү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ага кайрымдуулук фонддор жана кайдыгер карабаган калаа тургундары жардам көрсөтүшкөн.
Муфтияттын маалыматына ылайык, балдардын атасы 2012-жылы дүйнөдөн өтүп кеткен. Ал эми апасы балдарын таштап кетип калган. Кароосуз калган балдар 2014-жылдан бери Таш-Көмүр шаар хатибиятынын камкордугуна алынган. Бир туугандардын улуусу 17де болсо, кичүүсү 7 жашта.
