БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аскар Бешимов ээлеген кызматынан бошотулганын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда Кыргызстандын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бешимовду кызматынан алуу боюнча жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Ал аталган өлкөгө элчи болуп 2016-жылдын январь айында дайындалган болчу.