Социалдык тармактарда бул иш-чара кызуу талкууга алынып жатты. Эгер сиз ал күнү барып фестивалды жеринен көрө албай калсыңыз, Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалды көрүп кенен таанышып алыңыз.

"Чуңкурчак көчү — 2017" фестивалы быйыл алгачкы ирет өткөрүлүп жатат

Секелек кыздын чачын беш көкүл өрүп жатышат. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин каада-салты жана көчмөн турмушунүн өзгөчөлүктөрү чагылдырылды

Фестиваль бир күн кечке уланды

Көчмөндөр каада-салт жана аны туура колдонуу эржелерин айтып беришти

Иш-чара "Арашан" айыл өкмөтү менен "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу тарабынан уюштурулган

Фестивалды көрүү үчүн жүздөгөн киши келди

Келген меймандарга кыргыздын улуттук кийимдери тартууланды

— Mad? — NoMad

Бул фестивалга бир нече ай бою даярдык көрүшкөн

Каалоочулар катышуучулар менен ырдап, ат минип сейилдешти

Социалдык тармактарда фестиваль тууралуу жакшы пикирлерди жазгандар көп болду

Коноктор курсагын кыргыздын улуттук даамы менен тойгузуп жатышты

Мекиренген улак

Фестивалдын эң кызуу учуру ат оюндары болду

Каалоочулар улакчыларга кошулуп, өз күч дараметин сынап көрдү