Бишкектеги алты базар менен эки конушта жарык өчөт. Тизме

Жазылуу
Оңдоо иштерине байланыштуу "Адилет" жана "Ак-Жар" жаңы конуштарында электр энергиясы жок болот.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Бишкек шаарынын айрым жерлеринде жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 19-июнь күнү саат 05.00дөн 20.00гө чейин жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринен улам "Адилет", "Ак-Жар" жаңы конуштарында электр энергиясы берилбейт.

Андан сырткары, "Ак-Суу", "Дордой", "Оберон", "Мурас-спорт", "Алканов", "Осмар" базарларына жарык берүү үзгүлтүккө учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0