БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй менен Таласта 25…30 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 25…31 градус, Ысык-Көл, Нарында болсо 19…24 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек шаары менен Ош калаасында жаан жаап, күн 29 градуска чейин ысыйт.