БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сот иши убактылуу токтотулду. Мындай чечим Чотоновдун жактоочуларынын кассациялык арызынан улам кабыл алынган.
Белгилей кетсек, бүгүн Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновдун кылмыш ишин караган. Анда Чотоновдун жактоочусу Бактыбек Жумашев айыпталуучунун иши боюнча күбөлөр суралганын жана анын буга чейин соттолбогонун жүйө келтирип, баш коргоо чарасын жеңилдетүүнү суранган. Бирок сот ишине төрагалык кылган судья Айбек Эрнис уулу анын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Адвокат соттун чечимин кийинки инстанцияга даттана турганын айтып, кассациялык арыз даярдоого уруксат сураган. Бирок сот ага саат 14:00гө чейин убакыт берген.
2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилген.
Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.