БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкектеги Фрунзе көчөсүнүн Турусбеков жана Шевченко көчөсүнө чейинки аралыгы 7-июндан тарта жабыларын муниципалитеттен билдиришти.
Мындай аракеттер жылуулук куурларын орнотуу үчүн жасалууда. Бул иштер 12-июнда аяктайт.
Бишкек мэриясы айдоочулардын маршрутун алдын ала пландоого чакырып, келтирилген ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурайт.