Бабакулов: мал доктурларга ыйгарым укук берүү учур талабы болуп жатат
Мал доктурларга ыйгарым укуктарды берүү учур талабы болууда. Бул тууралуу Ветеринардык статуардык органынын консультанты Манасбек Бабакулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ветеринария жаатында маселени чечүү үчүн жеке мал доктурларды тартуу демилгеси көтөрүлгөн.
"Союз тарагандан кийин мал доктурлар кароосуз калды. Ошондон бери мамлекеттик ветеринардык кызматы да кыскарып кетти. Андыктан мамлекеттик ыйгарым укуктарды жеке мал доктурларга берүү учур талабы болуп турат", — деди Бабакулов.
Эске сала кетсек, мамлекеттик ыйгарым укуктарды жеке мал доктурларга берүүнү камтыган мыйзамга президент кол койгон.