БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Али Шаршеев Таиландда өткөн тай бокс боюнча мелдеште жеңишке жетишти деген маалыматты спортчу өзү тастыктады.
Таймаш 4-июнь күнү өткөн Шаршеев рингге Таиланддын беш жолку чемпиону менен чыгып, аны 3-раундда нокаут менен утуп алган.
"Жеңиш оңой болгон жок. Биринчи рауннда утуп, экинчи рауннда катуу сокку менен утулуп, үчүнчүсүндө бар күчүмдү топтоп жеңишке жеттим" — деди мушкер.
Шаршеев 22-апрелде Казань шаарында өткөн тай бокс боюнча мелдеште калыстын чечимине нааразы болуп, рингден көпкө чейин кетпей койгону менен белгилүү.
Спортчу 27-июнда Москва шаарында Антон Калинин менен кайрадан реванш беттешине чыгары маалым болду. Машыгуулар дал ушул Таиланд жергесинде өтүүдө.