БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Instagram социалдык тармагында жаңы тренд пайда болду. Анда түгөйлөр расмий түрдө ажырашкандан кийин сүрөт жүктөшөт. Бул тууралуу BuzzFeed интернет басылмасы жазып чыкты.
Мындай флешмоб алгач батыш өлкөлөрүндө башталган. Анда эки ажырым жолго түшкөн жубайлар мурунку аялы же күйөөсү менен түшкөн акыркы сүрөтүн соцтармакка #DivorceSelfies хэштеги менен жүктөшөт. Мындай сүрөттөр айрымдарын кубандырса, кээ бирлерин кайгыга батырууда.
"Ха-ха. Мунун кебетесин карагыла".
"Айымдар жана мырзалар, алдыңыздарда аз убакыт мурун ажырашкан эркек жана Джонсон айым".
"Бул жума биздин бирге жашаганыбыздын акыркысы болуп калды. Виолетта бул сүрөт #divorceselfie хэштеги менен жүктөлсүн деди".
Россиялык айым жолдошу менен өткөн жылы жай мезгилинде ажырашкан. Бирок ал да флешмобго катышып сүрөт жүктөгөн.
"Үч ай өттү эми ушул сүрөт мени азапка сала баштады"
Мындай тренд Парижде да колдоо тапкан