БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгына кабылган Daewoo Matiz унаасы оодарылып калганын окуяга күбө болгон адам социалдык тармактарга жарыялады.
Анын айтымында, жол кырсыгы Манас проспектиси менен Гагарин көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Видеодо көрүнүп тургандай, айланып кеткен Matiz жөө адамдар өтүүчү белгиге бир аз жетпей көчөлөрдүн кесилишинде жатат.
Кайгуул милициясы жол кырсыгы болжол менен 23.30дар чамасында болгонун тастыктады.
"Тез жардам кызматынан бизге билдиришкенине караганда, жол кырсыгынан 24 жаштагы жигит жабыр тартты. Ооруканага жеткирилген баланын жамбаш сөөгү сынганы белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Унаанын аласалып кетишине эмне себеп болгону азырынча тактала элек. Кайгуул милициясынан кошумча маалыматтар берилерин айтышты.