БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясы парламенттин сессиясына Бишкектеги бактардын кыйлышы тууралуу маселени алып чыгат. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы билдирди.
Жыйынга Бишкектин мэри Албек Ибраимов чакырылмакчы. Катчылыктын маалыматына ылайык, шаар башчысы Токтоналиев көчөсүндөгү бак-дарактардын кыйылышы боюнча түшүндүрмө берет.
Эскерте кетсек, жума күнү көчөнүн жолун кеңейтүү максатында Токтоналиев көчөсүндөгү бактарды кыюу иштери аткарылган.
Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар митингге чыгып, айрым маалыматтар боюнча милиция он адамды кармап кеткен. Алар эскертүү берилгенден кийин кое берилген.