Казыев: текшерүү учурунда 102 автомектепке эскертүү берилди
Текшерүү учурунда 102 авто мектепке эскертүү берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмүнүн башчысы Нурбек Казыев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, текшерүүнү атайын комиссия жүргүзгөн.
"Акыркы ирет автомектептерди текшерүүнү 1-марттан 15-мартка чейин жүргүздүк. Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын, жарандык коомдун жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеди. Анын жыйынтыгы боюнча 102 автомектепке эскертүү берилди", — деди Казыев.
Ал 108 автомектеп текшерүүдөн ийгиликтүү өтүп, ишмердүүлүгүн улантып жатканын кошумчалады.