БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Москвада 24-майда Москва дарыясына чөгүп кеткен Кыргызстандын жаранынын сөөгү 31-майда табылды. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26 жаштагы жаран Москва шаарынын Хорошево-Мневники аймагындагы сууга чөгүп кеткен.
"Кыргызстандын элчилиги Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрилигине расмий түрдө кайрылып, издөө иштери төрт күнгө уланган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда элчилик жарандын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн аракеттерин көрүүдө.