БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкектин Свердлов району боюнча муниципалдык администрациясы Кара-Жыгач токоюн жакшыртуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, муниципалдык ишкана токойду жакшыртуу иштери үчүн 2 миллион сом сарптоого даяр.
Тендер 1-июнда жарыяланып, мөөнөтү 8-июнда аяктайт.