Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгын учурунда көчөдө бараткан аял. Архив
Жамгын учурунда көчөдө бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош менен Бишкек шаарында күндүн табы 33-34 градуска чейин көтөрүлөт.

Чүй жана Талас өрөөнүндө 32…33 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 29…34 градус, ал эми Ысык-Көл менен Нарында 23…28 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0