БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Аманбек Ажыматтын "Физрук, алтын, дарыя" аттуу даректүү тасмасы "Хронограф" эл аралык фестивалында мыкты болгонун Кинематографты колдоо фондусу билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 25-31-май күндөрү Молдованын борбору Кишиневдо өткөн. Даректүү тасмалардын фестивалы быйыл 14-ирет өттү.
Негизги калыстар тобунун курамында Кыргызстандын кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев дагы болгон.