БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Россиядагы "Лучше всех" деп аталган балдар шоусуна катышкан кыргызстандык жети жашар Нурмухаммед Ташмаматовду кечээ Москвадан Биринчи канал көрсөттү.
Кичинекей мекендешибиз катышкан видеону Биринчи канал өзүнүн расмий сайтына жайгаштырды.
Телешоуга Нурмухаммед апрель айынын ортосунда чакырылган. Аны менен кошо эгиз бир туугандар, беш жаштагы Айпери жана Нурпери Тургуналиевалар кошо тартылган. Алар социалдык тармакка өздөрүнүн мыкты аткарган бийи менен таанылышкан.
Максим Галкин жети жашар Нурмухаммеди сөзгө тартып, андан Брюс Линин ыкмаларын аткарып берүүнү суранганда, баланын шамдагайлыгы студиялардын таңгалуусун жаратты.
Галкин кыргызстандык бөбөккө салт болуп калган медалды жана фирмалык сумканы тапшырды.
Ал эми Нурмухаммед алып баруучуга жыгач кемени белекке берди.
Брюс Лини туураган кичинекей Нурмухаммед жөнүндө анын аткарган көнүгүүлөрү менен ыкмалары социалдык тармакка чыккандан кийин элге тарап кеткен. Кийинчерээк баланын каратэ менен үч жашынан тарта машыгып келгени жана сары курдун ээси экендиги белгилүү болгон.