БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкекте жарнамалык 44 такта жана мыйзамсыз орнотулган эки контейнер алып салынганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"Контейнер ээлерине күн мурунтан эскертүү берилгени менен алар эч кандай аракеттер көрүлгөн эмес. Муну менен бирге Фрунзе көчөсүндөгү уруксаты жок салынган 100 метрлик бетон тосмо да алып салынды" — деп билдиришти мэриядан.
Адатта жарнамалык такталар калаанын көрүнүшүн бузганы үчүн алынат.