БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Режиссер Геннадий Базаров жакынкы күндөрү Мурза Гапаровдун "Туздуу чөл" пьесасынын негизинде телефильм тарта баштайт. Бул туурасында Кыргыз Эл артисти Назира Мамбетова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Тасмадагы негизги ролдордун бирин Мамбетова өзү ойномокчу. Фильмге андан сырткары, белгилүү бир катар артисттер чакырылган.
"Телефильм июнь айынын башында Ысык-Көлдүн аймагында тартыла баштайт. Анда негизги ролдорду Марат Алышпаев, Жамиля Сыдыкбекова аткарат", — деп айтты Мамбетова.
Анын айтымына караганда, телефильм көрүүчүлөргө кыш айларында тартууланат.
"Туздуу чөлдө" Гапаров өз мезгилинин көйгөйлөрүн көрсөткөн. Анда адамдардын бири-биринен жатыркоосу, кайдыгерлик, паракорлук сыяктуу көрүнүштөр сүрөттөлөт.