БИШКЕК, 26-май — Sputnik. "Лучше всех" таланттар шоусуна катышкан жети жашар кыргызстандык Нурмухаммед Ташмаматовдун номери теледен 28-май күнү кечки саат 20:00дө көрсөтүлөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине баланын атасы Асылбек Урманов билдирди.
Нурмухаммед апрель айында "Лучше всех" берүүсүнө чакыруу алып, анда атактуу киноактерлор Брюс Ли менен Жеки Чандын трюктарын аткарган.
Ал эми аталган балдар шоусуна Нурмухаммед менен бирге катышкан эгиз кыздар Айпери менен Нурпери Тургуналиевалардын номери теледен 11-июнь күнү көрсөтүлөрү белгилүү болгон.