БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кытайда өтө турган "Күрүч майрамына" байланыштуу кыргыз-кытай чегиндеги "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү жайлары төрт күнгө жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көзөмөл пункттары кытай тараптын демилгеси менен 27-майдан 30-майга чейин жабык болот.
Аталган жайларда адамдарды, унаа жана жүктөрдү өткөрүү 31-май күнү жанданмакчы.