Лас-Вегаста АКШ сулуусу тандалса, бишкектиктер "Юнона и Авось" рок-балетине күбө болушту. Канн кинофестивалынын ачылышы көпчүлүктүн көңүл чордонунда болсо, Австралияда Мода жумалыгы өттү.
Шри-Ланканын ири шаарында курулуп жаткан имарат кулап түшсө, Колумбияда адам өмүрүнө забын болгон нөшөр уланып жатат.

Канн кинофестивалында Моника Беллучи бийлеп жатып француз комиги Алекс Лутсту өөп алды

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында тартууланган "Юнона и Авось" рок-балетинен ирмем

Бразилиянын укук коргоо органдарынын кызматкери кылмыштуулукка каршы операциясынын алкагында Рио-де-Жанейро шаарына көз салып турат

Фотограф Табылды Кадырбековдун макрообъективине түшкөн жетим көпөлөк

Краснодар крайынын Абин районунда өткөн фестивалдагы шарлар

Новосибирскидеги талаа жумуштарында иштеп жаткан айыл чарба техникасы

Бишкекте мышыктардын "сулуулук" сынагы болуп өттү. Калыстар тобу ар кайсы түрдөгү мышыктарды жана сынактын жалпы жеңүүчүсүн аныкташты

Австралиянын Канберра шаарындагы гольф талаасындагы кенгуру

Афганистандын Желалабад аймагында ылай шаркыратмасы алдында турган бала

"Локомотив" менен "Оренбург" футболчуларынын сүрөөнчүлөрү

Бразилиянын түндүгүндө жайгашкан Амапа шаарындагы сазды жердеген кызыл ибистер

Австралиядагы Мода жумалыгында Evol маркасынын кийимин кийип чыккан модель

Шри-Ланканын ири шаары Коломбодо курулуп жаткан имарат кыйрады. Сүрөттө урандыларды казып жаткан аскерлер менен куткаруучулар

Корсикадагы Маре-эль-Соль пляжында бийкеч уйларды карап турат

Модель Эмили Ратаковски эл аралык Канн кинофестивалынын ачылыш аземинде

Үйүн суу каптап кеткен киши. Колумбияда катуу нөшөр уланып, анын айынан март айынан бери 389 адам каза болсо, 23 миң үй-бүлө жабыркаган

Лас-Вегаста "АКШ сулуусу" сынагынын жеңүүчүсүн сыйлоо салтанаты болуп өттү. Быйыл бул наамга өзөктүк химия боюнча адис 25 жаштагы Кара Маккаллоу ээ болду. Сүрөттө экинчи вице-мисс болгон Мередит Гоулд

Сокольникте өткөн автотюнингдин катышуучулары