БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында катуу шамал болуп көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында окуя бүгүн, 18-майда саат 17.10дор чамасында болгон. Катуу шамалдан улам беш кабаттуу үйдүн чатырынын ортоңку бөлүгү учуп, каптал тарабына илинип калган.
Ал ошондой эле мындан эч ким жабыркабаганын айтып, учурда ӨКМ кызматкерлери жеринде иш алып барып жатканын кошумчалады.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу жөнөтүп кабарласаңыз болот.