Жалал-Абадда мыйзам бузган тартип сакчылар иштен айдалат

Жазылуу
Кылмыш ишине райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери шектелип жатат. Мындан тышкары, Жалал-Абаддын милиция жетекчиси иштеги кемчиликтери үчүн кызматынан айрылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жалал-Абаддагы кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган милиционерлер иштен алынат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жалал-Абадда ИИМдин баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү баңгизатын жүгүртүүгө аралашкан милиционерлерди кармоо үчүн атайын операция жүргүзүшкөн. Натыйжада эки киши кармалып, алардан 4 килограмм 754 грамм апийим табылган.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милициянын киши колдуу болгонун жашырган сот-медициналык бөлүмдүн башчысы кесилди
Факты боюнча ички иштер органдарында 1993-жылдан бери иштеп келген Ала-Бука райондук ИИБдин начальнигинин орун басары менен "Коррупцияга каршы" коомдук уюмунун өкүлү кармалган. Бул боюнча учурда кылмыш иши козголуп, райондук ИИБдин начальнигинин орун басары кызматтан алынды.

Мындан тышкары, Сузак райондук ИИБдин кызматкерлери элден мыйзамсыз акча чогулткан факты катталган.

Сузак районунун тургундары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына райондук ИИБдин жетекчиси ар кандай шылтоо менен Сузак айылындагы базарда иштеген ишкерлерден акча чогултуп жатканын айтып, арызданышкан.

"Айыпталып жаткан кызматкер ишкерлерди административдик жана кылмыш беренелери боюнча жоопко тартарын айтып коркуткан. Буга карабастан тургундар акча чогултуудан баш тартып, Жалал-Абад облустук ИИБге арыз менен кайрылышкан", — деп ИИМден билдиришти.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облустук ИИБдин кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облустук ички иштер башкы башкармалыгынын начальнигине карата дагы кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Учурда бардык материалдар Жалал-Абаддын прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0