БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 30…35 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 31…36, Ысык-Көл менен Нарында 28…30 градус ысык болот.
Ош менен Бишкекте күндүн табы 34-35 градуска чейин көтөрүлөт.