БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Иракта "Ислам мамлекети" террордук уюмунун чабуулунан жети ай ичинде 370 миң жай тургун үйүн таштап кеткен. Бул тууралуу РИА Новости Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына таянып кабарлады.
Аталган мекеменин билдирүүсүнө караганда былтыркы жылдын 17-октябрынан быйылкы жылдын 10-майына чейин Мосулдан 369 миң 594 адам башка жакка көчүүгө аргасыз болгон.
Эске салсак, Мосул аймагын террорчулардын тазалоо операциясын АКШ башында турган аскер коалициясы 2016-жылы октябрда баштаган.