Бекешев: тилекке каршы, бизде бекерчилер көп
Акционердик коомдордун директорлор кеңешине көз карандысыз мүчөлөрдү кошуу менен чукумайлар башталат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев парламентте акционердик коомдор жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жатканда билдирди.
Демилгеге ылайык, акционердик коомдордун директорлор кеңешинин курамына көз карандысыз мүчөлөрдү кошуу милдеттендирилет. Мындан сырткары, тышкы аудиторлорду директорлор кеңеши эмес, акционерлер тандайт.
"Тилекке каршы, бизде бекерчилер көп. Анан бул мыйзам долбоору кабыл алынса, чукумайлар башталат. Аталган демилге Америка, Европада иштеши мүмкүн. Кыргызстанда иштебейт", — деди Бекешев.
Кызуу талкуудан кийин мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.