00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мен сараң эмесмин! Банк кызматкеринин кыжырын кайнаткан көрүнүштөр

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүБанк кызматкери. Архив
Банк кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардык жумуштун, айрыкча акча менен байланышкан иштин мүшкүлү оор.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бүгүн, 10-май Кыргызстандагы банк кызматкерлеринин күнү. Буга ылайык Sputnik агенттигинин редакциясы бул кесипти аркалагандардын жинине эмне тиерин жазууну туура көрдү.

Банкирлер иштин жакшы жактары менен катар терс тараптары дагы бар экенин айтып беришти. Текст алардын сөздөрүнөн жазылды.

Работа одного из супермаркетов Новосибирска - Sputnik Кыргызстан
Супермаркеттеги кассирлердин кыжырын кайнаткан жети нерсе
1. Айрым "маяна долбоорунун" колдонуучулары инструкцияларды кулак сыртында калтырышат. Көпчүлүк карточканы акча чыгаруучу каражат катары гана кабыл алат. Банктык карта аркылуу онлайн сатып алууларды жүргүзүп, төлөмдөрдү POS-терминалдар аркылуу ишке ашырса болорун эстен чыгарышат.

Мисалы, айрымдар жакын жерден банкомат таппай калса, нак акчанын жоктугуна нааразы боло башташат. Бирок биз өзүбүздүн кардарларга дүкөндөрдөн POS-терминал талап кылууга болорун түшүндүргөнбүз. Ага карабай бардыгына банк күнөөлүү болуп жатып калат.

2. Кээде кардарлар эмнени каалап жатышканын өздөрү дагы билишпейт. Пайдасыз нерселерге насыя алгылары келет. Мындай көрүнүштөрдөн улам, насыя адиси гана эмес кардардын каалоосун сезе билген адам болууга туура келет. Бул өтө оор. Бирок кардарлар аны баалашпайт.

Мисалга, смартфон сатып алгысы келген кардарга арзаныраак уюлдук аппарат алса болорун сунуштайбыз. Бирок алар начар нерсени сунуштап жатасыңар деп таарынышат. Эң башкысы насыяны эртең кантип төлөйм деп ойлонуу керек да. Мактаныч үчүн алынган нерсе сизге эртең көйгөй жаратат. Ошондуктан банк кызматкери сараңдыгынан эмес, кардарга жардам берүү максатында ушундай кеңештерди берет.

3. Банкка кызматка орношуп жатканда белгилүү талаптар коюлган болот. Бирок иштей келгенде моюнга жүктөлгөн милдеттер арбын болуп чыга келет. Ошондуктан бардык багыт боюнча эксперт болуп бүтөсүң.

4. Насыя дегендин ордуна "финка" деген сөздү колдонгондор жиниңди кашайтат. Бул жол тандабастардын бардыгын "жип" деп атагандай эле кеп. Ошондуктан "финка" жок "насыя" бар дегенге туура келет.

Ырдап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Караоке кызматкеринин айласын алты кетирген кардарлар
5. Башка насыя алган эмесмин дегендер дагы ачууну келтирет. Бир жума документтерди чогултуп, чуркайсың. Анан эле кардардын мойнунда башка насыясы бар экени аныкталып калат. Эмне болду десең, кебелбей туруп "ооба, эстедим, бирок насыяны өзүмө эмес досума алган болчумун" деп жооп беришет. Достор, мындай кылган болбойт. Банкты алдаш мүмкүн эмес. Жок дегенде өзүңөрдүн убактыңарды сыйлап койгула да.

6. Ушундай эле окуя, жумалап документ чогултуп чуркайсың. Келишим түзгөнгө келгенде паспортунун көчүрмөсү же такыр эле документсиз келип алышат. Айланайындар, бир аз жоопкерчиликтүү болгулачы. Силер үчүн азапты мен чегип жатам.

7. Сараң деп айыптагандар. Достор, насыяны акчаны аяганым үчүн эмес талаптарга жооп бербегениңиздер үчүн бербейм. Мен өзүмдүн акчамды эмес, банктын акчасын берип жатам да. Ал үчүн жоопкермин. Таарынуудан мурда күнөө менде эмес, өзүңөрдө экенин эстеп койсоңор.

Жаңылыктар түрмөгү
0