Баткенде милицияны капотто сүйрөп кеткен айдоочу кармалды

Жазылуу
Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Баткенде Кайгуул милициянын инспекторун капотко жаткырган бойдон бир нече аралыкка сүйрөп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

"Айдоочу 8-май күнү кармалды. Ал Кызыл-Бел айылынын 27 жаштагы тургуну экен", — деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Эске сала кетсек, 6-май күнү борбордук базардын жанындагы Нургазиев көчөсүндө айдоочу Кайгуул милициясынын буйругуна баш ийбей, инспекторду унаасынын капотуна жармаштырган бойдон айдап жөнөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0