БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Борбор калаадагы Токтогул көчөсүндө (Турусбеков менен кесилишинде) кара жыгач кулаганын "Зеленстрой" муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Окуя жекшемби күнү таңкы саат 5:00дөр чамасында болгон. Маалыматка ылайык, бактын тамыры арыктагы сууга желип калган. Кара жыгачка болжол менен 50-60 жыл болгон. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.
Түндө болгон жаандан жана шамалдан улам Бишкекте башка бактар кулабагандыгын "Зеленстройдон" кошумчалашты.