БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Тажикстанда 1-май Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү быйыл эс алуу күндөрдүн катарынан чыгарылганын Sputnik Тажикстан жазып чыкты.
Маалыматка караганда, мындай чечим 2016-жылы парламент тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык 92 жылдан бери майрамдалып келген эмгекчилер күнү Тажикстандын мамлекеттик жана улуттук майрамы катары калып, бирок иш күн болот.
"1-май Советтер Союзунан бери майрамдалып келет. Бирок акыркы 10 жылдан бери Коммунисттик партиянын өкүлдөрү гана майрамдап калган", — деп Sputnik Тажикстан жазды.
Бүгүнкү күндө 1-май Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү 142 мамлекетте белгиленип келет.