БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Борбор калаада жүк ташуучу бус ала салганын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы Лев Толстой жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Эч ким жабыркаган жок. Бус темир жолдун жээгине жакын кулады", — деди күбө.
"Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеде келе жаткан автоунаа буска тоскоолдук кылып, айдоочу рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен кичи автобус ала салган. Бактыга жараша, айдоочу жаракат алган эмес", — деп милициядан билдиришти.
Тез жардам кызматы аталган дарек боюнча чакыруу болбогонун маалымдады.
Кырсык болгон жерде милиция иштеп жатат.
Эгер кандайдыр бир окуяга күбө болуп калсаңыз, анын сүрөтүн, видеосун биздин WhatsApp номер +996 706 566 544 аркылуу жиберсеңиз болот.