Күбөнүн видеосу: аял бала бакчадагы балдарга кыйкырып, жулкулдаткан

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүДетский дом в Великом Новгороде
Детский дом в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы окуя териштириле турганын маалымдады.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы бала бакчалардын биринде аял кичинекей балага кыйкырып, аны жулкулдаткан. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу маалымдады. 

Анын айтымына караганда, окуя бүгүн, 27-апрелде саат 11.00дөр чамасында 8-кичирайондогу бала бакчалардын биринде болгон.

"Аялдын кыйкырган үнүн терезе тараптан уктум. Ал баланы жулкулдатып жатканын тартууга жетишпей калдым. Менин түшүнгөнүмө караганда, бала суу сураган, бирок аял ага бакырып бербей жатты", — деди күбө.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган окуяны Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрмановага кабарлаганда, ал окуя сөзсүз түрдө иликтене турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0