БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев Афганистанга барып, ал жерди байырлаган кыргыздар менен жолуга турганын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, муфтийдин сапары ушул жылдын июль айына пландаштырылган.
"Мындай чечим Максат ажы Токтомушевдин Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Исса Месбах менен жолугушуусунда белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган сапардын алкагында ал жактагы улутташтарга азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү каражаттар жана окуу куралдары жеткирилет.