БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кытай менен болгон чек ара үч күнгө жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка карганда, мындай чечим Кытай тараптан эмгек майрамына карата демилгеленген. Ага ылайык, 29-апрелден 1-майга чейин "Торугарт" менен "Эркеч-Там" унаа өткөрүү пункттары жабык болот.
Жарандар, жеңил жана жүк ташуучу унаалар 2-майдан баштап чек арадан өтө алышат.