БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Шаршемби күнү тоолуу райондордо кыска мөөнөттүү жаан, кар жаап, күн күркүрөйт. Ал эми калган аймакта күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Чүй жана Таласта 24…29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарынын дыйканчылык аймактарында 24…30, Ысык-Көлдө 15…20, Нарын облусунда 17…22 градус жылуу болот.
Бишкек менен Ош шаарларында күндүн табы 28 градуска көтөрүлөт.