БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Москвада бычакталган кыргызстандык жаранды 13-кабаттан ыргытылганын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, элчиликтин өкүлү ишти карап жаткан Кузьмин райондор аралык тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү менен жолугуп, 17-апрелден 18ине караган түнү болгон кырсыктын чоо-жайын тактады.
Учурда тергөө жүрүп жатат, кыргызстандык жаранды өлтүрүүгө шектүүлөр аныкталды.
Элчилик маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү иштерине көмөктөшөрүн билдирди.