БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ирактагы Киркук провинциясында жайгашкан "Ислам мамлекети" террордук тобунун базасына чабуул жасаган камандар үч согушкердин өмүрүн алды. Бул тууралуу Iraqi News агенттиги жергиликтүү жарандарга таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя өткөн жекшемби күнү болгон.
"Базанын жанында согушкерлердин чарбалык жерлери болгон. Жапайы жаныбарлар байма-бай кол салып турган. Бул ирет кармашуу үч согушкердин өлүмү менен аяктады", — деп жазылат маалыматта.
Азырынча маалымат расмий тактала элек.