БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россиянын Хабаровск аймагындагы Федералдык коопсуздук кызматынын имаратына чабуул жасалган учурда жаракат алган кыргызстандык Талант Жумаевге эки ирет операция жасалды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
"Ишемби күнү экинчи операция жасалды. Абалы оор бойдон калууда. Учурда реанимацияда дарыгерлер көзөмөлдөп жатат", — деп билдиришкен ооруканадан.
Ал эми КРдин Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу Кадырбек Мырзаев элчилик керектелчү жардамдын баарын көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.
"Мен ооруканага барып, дарыгерлер менен сүйлөштүм. Талант реанимацияда болгондуктан өзүн көрө алган жокмун. Абалы жакшы эле. Буюрса палатага которулат", — деди Мырзаев.
ФСБнын мекемесинен ок жеп каза болгон жаран өзбекстандык экендиги аныкталды.